Amirchik - Сапат

Amirchik - Сапат

25 02:46 320 kbps 6.43 MB
Скачать
Скачать песню Amirchik - Сапат в mp3 или слушать онлайн бесплатно
Текст песни
Жаш баладай сенин мага берген суроолоруң
Башкалардай адашып жоготподум туура жолум
Талкалабайт мени бул жашоонун сыноолору
Башынан эле мен билгенмин ким болорум!
Билбей калдым кайсыл күн экенин, кайсыл апта..?
Иштей бердим күнү-түнү мага уйку капа
Билгиң менин мээлегеним эң жогорку сапат
Ийгиликтерим мээнетимдин астында жатат
Мен кулаганда
Себебим апам кайра турганга бар
Миң ураганда мунарамды мен кайрадан курам
Мезгилдин учагы менен мен учамын, жетемин алыска
Жел менен жарышам
Жеңемин баарысын!
Эңсеген кыялыма
Эрте кеч дуа кылам
Көздөгөн максатыма
Эринбей жылам ылдам
Изденемин талыкпай
Изим калат жарыктай
Эмгек баарын аныктайт
Жаш баладай сенин мага берген суроолоруң
Башкалардай адашып жоготподум туура жолун
Талкалабайт мени бул жашоонун сыноолору!
Башынан эле мен билгенмин ким болорум
Жаш баладай сенин мага берген суроолоруң
Башкалардай адашып жоготподум туура жолун
Талкалабайт мени бул жашоонун сыноолору!
Башынан эле мен билгенмин ким болорум
Айырма жок каерде
Мен жүрөмүн эл кыдырып!
Сергек таң атпай эрте
Ийгиликтеримдин сыры
Эгер чындап кааласам
Мен каалаган калаадан
Чогултамын адамдарды
Ырларымды баалаган!
Дайым ачык алакан
Дайым ачык көк асман
Баары жакшы, баары сонун
Алыстан деле карасаң
Ак калпактуу Кыргызстан
Мени бутка тургузган
Ички дүйнөм кубат алган
Жарык жанып жылдыздан
Эми кара, кимибиз убара?
Түз баратам, сапарым узара!
Элим мага колдоону улаган
Жүрөк жылуулаган алтын адам бул — апам!

Рекомендуем послушать

Треки исполнителя

Комментарии

Пока нет комментариев