Begish, Ulukmanapo - Unutpa

Begish, Ulukmanapo - Unutpa

19 03:35 320 kbps 8.35 MB
Скачать песню Begish, Ulukmanapo - Unutpa в mp3 или слушать онлайн бесплатно
Текст песни
Күздүн шамалында учкан сары жалбырактай
Көңүлүбүз жерге түштү бирибизге жакпай
Мен баары бир бирге түшкөн сүрөтүңдү сактайм
Жарык болгон асманымды булуттарың каптайт
Күндүн нурун көргүм келип тиктеп түндү жамынып
Жылдыздар да бекиниптир бүгүн сага багынып
Белек кылган шакегимди керек эмес тагынып
Идеалдуу мүмкүнчүлүк жүргөндөргө жагынып
Унутпагын эми, мен унутпайм сени
Экөөбүздүн ортобузда сезим калды кемип
Сүйчү белең мени, айтчы, жаным, деги?
Эстеп жүрөм ошондо мен сүйүү бар экенин
Унутпагын эми, мен унутпайм сени
Экөөбүздүн ортобузда сезим калды кемип
Сүйчү белең мени, айтчы, жаным, деги?
Эстеп жүрөм ошондо мен сүйүү бар экенин
Жаздын нөшөрлөгөн жамгырындай жашың акты
Көрө албай жүргөнгө сени бул көрүнүш жакты
Жаман көрүп ошол кезде болгон учур чакты
Кучактадым сени эмес биз жолуккан бакты
Жакындады сени сүйүп жолуга албай жүргөндөр
Алыстадың көз жашыңды төгүп жүргөн түндөрдөн
Соротушту белек кылып жүздөй жыттуу гүлдөрдөн
Унутпа, менин сүйүүмдү, башка менен жүргөндө
Унутпагын эми, мен унутпайм сени
Экөөбүздүн ортобузда сезим калды кемип
Сүйчү белең мени, айтчы, жаным, деги?
Эстеп жүрөм ошондо мен сүйүү бар экенин
Унутпагын эми, мен унутпайм сени
Экөөбүздүн ортобузда сезим калды кемип
Сүйчү белең мени, айтчы, жаным, деги?
Эстеп жүрөм ошондо мен сүйүү бар экенин
Неге биздин жолдор экиге бөлүнүп кетти?
Артыңды бир карабастан кайсы жакка жеттиң!
Билем сен да кылдың колдон келген аракетти
Тагдыр ортобузга койду өчпөс чекит
Мен сени унутпайм
Эсимде каласың
Сен дагы унутпай
Ырларым угуп жүр
Баш ийип буйрукка
Башкага тийип кет
Бактылуу болууга
Татыктуу перисиң
Унутпагын эми, мен унутпайм сени
Экөөбүздүн ортобузда сезим калды кемип
Сүйчү белең мени, айтчы, жаным, деги?
Эстеп жүрөм ошондо мен сүйүү бар экенин
Унутпагын эми, мен унутпайм сени
Экөөбүздүн ортобузда сезим калды кемип
Сүйчү белең мени, айтчы, жаным, деги?
Эстеп жүрөм ошондо мен сүйүү бар экенин
Унутпагын эми, мен унутпайм сени
Экөөбүздүн ортобузда сезим калды кемип
Сүйчү белең мени, айтчы, жаным, деги?
Эстеп жүрөм ошондо мен сүйүү бар экенин

Рекомендуем послушать

Треки исполнителя

Комментарии

Пока нет комментариев